Главная > Культура > Маданият жана искусство кечеси

Маданият жана искусство кечеси


27 сентября, 21:53. Разместил: bn

27-сентябрында Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданий борборунда, тагыраагы Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасында Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Маданият жана Искусство кечеси ѳткѳрүлдү.

Бул иш-чаранын ѳзѳгүн Кыргызстандык жаш жана белгилүү сүрѳтчүлѳрүнүн жергебизде жана Түркияда жаралган эмгектери түзүп, алар кѳргѳзмѳгѳ коюлду. Аталган иш-чаранын максаты эки элдин маданиятын таанытуу жана эки элдин ортосундагы биримдикти чыңдоо болгондугуна байланыштуу, кѳргѳзмѳдѳн Кыргыз маданиятын жана Түрк маданиятын чагылдырган сүрөттөргө күбѳ боло аласыз.

Кечеге конок катары элчилер, белгилүү чыгармачыл инсандар, таанымал саясатчылар, чет элдик коноктор, маданият жана ѳнѳр сүйүүчүлѳрү келишип, жаралган эмгектерге күбѳ болуу менен бирге жандуу музыка жана даам татышты.

Андан сырткары 2018-жыл залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы болгондугуна байланыштуу, кѳргѳзмѳдѳн “Айтмотовдун ааламы” деп аталган Сабиджан Бабаджановдун эмгегинен жаралган сүрѳт кѳргѳзмѳсү менен таанышышты.

 

MEDIAMANAS


Вернуться назад