Главная > Новости "Медиа Манас" / Радиоподкаст > Түрк элдеринин философиялык мурасы

Түрк элдеринин философиялык мурасы


21 сентября, 11:16. Разместил: sharizat

2018-жылдын 19-21-сентябрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университети (гуманитардык факультетинин философия бөлүмү) Түркиянын Байбурт жана Ахи Эвран университеттери  менен “Түрк элдеринин философиялык мурасы” аттуу I Эл аралык симпозиумун өткөрдү. Аталган симпозиумга Борбордук Азия регионунун жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн жүзгө жакын белгилүү философтору жана илимпоздору катышты. Симпозиум түрк дүйнөсүнүн  руханий мурасын изилдөөнү жаңы деңгээлге көтөрүүнү максат кылат.

Симпозиумдун уюштуру  комитетинин өкүлү,  профессор-доктор Жамгырбек Бөкөшов “Манас” радиосунун “Жаңы күн” программасында аталган иш чаранын максаты тууралуу маалымат берди.


Вернуться назад