Главная > Университет > Түркия парламенттеринин депутаттары Манаска келишти

Түркия парламенттеринин депутаттары Манаска келишти


13 сентября, 17:02. Разместил: bn

Үстүбүздѳгү жылдын 13-сентябрында КТМУга Түркия парламенттеринин депутаттары келип, зыярат кылышты.

Жолугушуу ректоратта ѳтүп, ага университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, проректор, профессор Анварбек Мокеев, проректор, профессор Хусейин Ѳгүт, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат, Түркия парламенттеринин депутаттары Режеп Шекер, Мустафа Жанбей, Ѳмер Фетхи Гүбер, Хүда Кая, Түркиянын Маданият жана туризм министри Еркин Йылмаз, режиссерлор Семих Капланоглу, Исмаил Фидан, мыйзам чыгаруу адиси Мехмет Йахя Чичекли жана университеттин башкаруу кеңешинин мүчѳлѳрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ окуу жайдын таанытуу фильми кѳрсѳтүлдү. Андан кийин университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев Түркия парламенттеринин депутаттарына Кыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан 1995-жылы, 30-сентябрда Измир шаарында кол коюлган «Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетин ачуу боюнча эл аралык келишимдин» негизинде ачылып, 1997–1998-окуу жылынан тартып, студенттерге билим бере баштаганын жана учурда Орто Азияда эң сапаттуу жана алдыңкы ЖОЖдордун катарында турганын айтып, университеттин башкаруу кеңешинин ѳкүлдѳрү менен тааныштырды.

Ал эми Түркиядан келген делегация ѳкүлдѳрү Кыргызстанга. ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинине зыярат кылып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүнө кубанычта экендигин билдиришип,кыргыз жана түрк элинин достугу бекем болушун каалашты.

Жолугушуунун соңунда университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев келген конокторго окуу жайдын атынан белектер тапшырды жана меймандар үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы каппус ичинде тур уюштурулду.

Эске салсак, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын “Кино анимация” боюнча 6-жыйынынын алкагында Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн кино күндөрү Бишкек шаарынын “Манас” кинотеатрында 13-16 сентябрында өтмѳкчү.

 


Вернуться назад