Главная > Новости "Медиа Манас" > Бишкекте ТҮРКПАнын тармактык комиссияларынын жыйыны өтөт

Бишкекте ТҮРКПАнын тармактык комиссияларынын жыйыны өтөт


13 сентября, 12:51. Разместил: aynagul

14-сентябрь күнү Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-жыйыны, Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын 4-жыйыны болот. Аны менен катар Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-жыйынынын алкагында кино жана анимация жаатында кызматташуу боюнча семинар өткөрүлөт. Семинарга ТҮРКПАга мүчө-мамлекеттердин Маданият министрликтеринин өкүлдөрү, кино жана анимация тармактарындагы адистер, режиссерлор, аниматорлор катышат.


Вернуться назад