Главная > Новости "Медиа Манас" > "Дарак ыры" тасмасынын Эл аралык бет ачаары Кореяда болот

"Дарак ыры" тасмасынын Эл аралык бет ачаары Кореяда болот


5 сентября, 11:32. Разместил: sharizat

"Дарак ыры" тасмасынын  Эл аралык бет ачаары Кореяда болот

 

"Дарак ыры" тасмасынын  Эл аралык бет ачаары  Кореяда Пусан шаарында өтүүчү  Пусан Эл аралык кинофестивалда 5-октябрда болот. Бул кубанычтуу кабарды тасманын жаратуучуларынан Толкун Дайырбекова жеке социалдык баракчасына жазды.  

Эскерте кетсек : Пусан эл аралык  кинофестивалы (Busan International Film Festival, 부산국제영화제, 釜山國際映畵祭) — Азияда өтүүчү беделдүү кинофестивалдардан жана жылда Түшүк Кореянын Пусан шарында 1996 жылдан бери өткөрүлүп келет. Кинофестивалдын өзгөчөлүгү жаңы тасмалар жана жаш режиссёрлордун эмгектери тартууланат.

Медиа Манас "Дарак ыры" тасма жаратуучуларын өз кезегинде куттуктайбыз, дагы көп ийгиликтерди багынта берсин жана кызматташтыгыбыз улана берет деп ишенебиз.  


Вернуться назад