Главная > Университет > «Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы… Түркчөгө которулду»

«Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы… Түркчөгө которулду»


13 июня, 15:11. Разместил: bn

Аида Кубатова тарабынан жазылып 2012-жылы Бишкек шаарында басылып чыккан «Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы 1900-1916»аттуу чыгарма ФакультетибизСоциология бөлүмүнүн кенже илим.кызм.социология илимдеринин кандидатыАли Үнал тарабынан түрк тилине которулуп Бенгү басмаканасы тарабынан жарыяланган.

Түрк тектүү элдердин ортосунда пайда болгон жадидчилик кыймылынын Кыргызстан аймагындагы жараяндарын, социо-маданий, экономикалык жана саясий агымдарды ачып берүүсү жагынан өзгөчө булак болуп эсептелген бул эмгектке: жадидчилик кыймылынын пайда болушу, татар, башкыр агартуучуларынын Кыргызстандагы иш-аракеттери; жадидчилик кыймылынын Орто Азия аймагына тарашыатактуу өкүлдөрү; жадидчилердин мусулман басма сөз органдары жана калктын коомдук-саясий жашоосундагы орду; жадидчилердин коомдук-саясий иш-аракеттери, Шабдан Жантаевдин арызы ( июнь 1905); I. Жетисуу аймагындагы мусулмандардын конгресси (31-март – 1-апрель 1906); III. Россиядагы баардык муслумандардын конгресси (16-21 август 1906); Казак-Кыргыз мусулмандарынын Узун-Агач конгресси (21- октябрь 1910); жадидчилердин агартуучулук тармагындагы иш-аракеттери, Кыргызстанда усулжадит мектептери; Кыргыз улуттук билим берүү системасынын башаты катары жадитчи агартуучулардын иш-аракеттери сыяктуу бир топ темаларга орун берилген.

Чыгармажөнүндө төмөндөгү шилтемеден окуй аласыз.

 

 


Вернуться назад