Главная > Университет > КТМУда жазуучу Самсак Станалиевдин романынын бет ачары болду

КТМУда жазуучу Самсак Станалиевдин романынын бет ачары болду


8 мая, 17:35. Разместил: bn

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинде түркология бөлүмү тарабынан уюштурулган Самсак Станалиевдин“Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык роман трилогиясынын бет ачары өттү.

Чыгарма адамзаттын залкар ойчул калемгери Чыңгыз АЙТМАТОВдун өмүрүнө, тагдыр-турмушуна, чыгармачылыгына, ошондой эле ал жашаган мезгил тарыхына, адабиятыбыздын өнүгүш жолундагы оош-кыйыштарга арналган.  

Иш-чараны гуманитардык факультеттин деканы проф.докт. Лайли Укубаева ачып, “Самсак Станалиев окурман журтчулугуна кыргыз интеллигенциясынын залкар инсандары жөнүндө көптөгөн адабий изилдөө макалаларды жазган, «Касым Тыныстанов (Чагылгандын көз жашы)» жана Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу «Жылдын эң узак күнү» аттуу тарыхый романдарды жараткан калемгер катары белгилүү. Ал поэтикалык жана прозалык 13 китептин автору. Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романын автордун сунушу менен кыргыз тилине которгон»,- деп жазуучунун чыгармаларына токтолду.   

Андан соӊ Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, проф., докт. Абдылдажан Акматалиев Чыӊгыз Айтматов  менен болгон окуяларын эскерип келип, роман улуу жазуучунун бейнесин мыкты ачып бергенин баса белгиледи. 

Ал эми КТМУнун философия бөлүмүнүн башчысы проф.,докт. Жамгырбек Бөкөшев С.Станалиев жаӊы романында улуу жазуучунун турмушундагы фактыларды көркөм анализден кылдат өткөрүп бергени менен өзгөчөлөнөрүн айтып өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жазуучу Самсак Станалиев студенттердин берген суроолоруна жооп берип, кызыктуу баян куруп берди. “Романымдын үстүндө иштеп жатканда Ч.Айтматовдун чыгармаларын кайрадан талдап, подтексттик ойлорун аӊдып окуп, алардан жазуучунун тагдырын, өзүн издеп кайра-кайра окудум. Жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылыгына байланыштуу бардык маалыматтарды иликтеп, иргеп иштедим”,- деди С.Станалиев.     

Китептин бет ачары КТМУнун гуманитардык факультети тарабынан улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата жылдын башынан бери уюштурулуп келаткан “Биз билген, биз билбеген Айтматов” аттуу иш-чаранын алкагында өткөрүлдү. 

Иш-чаранын соӊунда батыш тилдер бөлүмүнүн студенттери англис тилинде Ч.Айтматовдун чыгармаларынан өздөрү которгон үзүндүлөрдү көркөм окуп, инценировка коюп беришти.


Вернуться назад