Главная > Университет > Сыйлык сизден, сыймык бизден

Сыйлык сизден, сыймык бизден


27 апреля, 22:21. Разместил: bn

27-апрель “Манас” кинотеатрында “Ак илбирс” 2018 улуттук фестивалынын сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлык тапшыруу аземин белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова алып барып, кызыл килемден кино тармагынын көрүнүктүү Мар Байджиев, Жамал Сейдакматова, КТМУ нун биринчи проректору профессор доктор Асылбек Кулмырзаев, Казакстандан келген белгилүү киноактер Нуржуман Ыхтымбаев, Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат өңдүү өкүлдөрү өттү. Мындан тышкары КР Эл артисти Жамал Сейдакматовага (КР киноискусствосуна кошкон салымы үчүн)сыйлык тапшырылып, актрисанын кол тамгасы атайын тактага түшүшүрүлдү. Буга чейин ушуга окшогон эстелик такталар “Манас” кинотеатрынын алдында Мар Байджиев, Геннадий Базаров сыяктуу залкар инсандарыбызга берилген.

“Мыкты даректүү фильм” категориясында эң мыкты даректүү фильм наамына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү Касиет Кубанычбек кызынын “Оймок” фильми татыды. Ошондой эле “Мыкты кыска метраждуу фильм” категориясында эң мыкты кино наамынааты аталган университеттин бүтүрүүчүсү Аскар Нуракун уулунун “Киноман” тасмасы алды.

Быйылкы “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземинде номинанттарга сыйлыкты КТМУ нун ардактуу агайлары Манас Мусаев, Артыкпай Сүйүндуков тапшырышты.

Айта кетсек, “Ак илбирс” – 2012-жылы негизделип, “Мыкты фильм”, “Мыкты режиссер”, “Мыкты оператор”, “Мыкты композитор” өңдүү 18 наамдан турган улуттук киносыйлык фестивалы.


Вернуться назад