Главная > Новости "Медиа Манас" > ТИКАнын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы уланууда

ТИКАнын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы уланууда


25 марта, 14:36. Разместил: bn

Түрк кызматташтыгы жана координация башкармалыгы, ТИКАнын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы уланууда. Атай кетсек, кыргыз-түрк достугу долбоорунун негизинде курулган Бишкекте Борбор Азиядагы эң чоң Кыргыз-түрк достугу бейтапканасы, Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейинин ремонту сыяктуу жардамдардын сыртында, Нарын облусунда курулган ооруканалар миңдеген адамдарга пайдалуу болууда. Мындан тышкары бала бакчалар менен мектепке чейинки билим берүү мекемелерин заманбап жабдуулар менен камсыз кылып келе жатат.

Түрк кызматташтыгы жана координация башкармалыгы (ТИКА) ири шаарларда эле эмес, Кыргызстандын эң алыскы аймактарынын да муктаждыктарын аткарып келет.

Нарын облусундагы айылдарда кызмат көрсөткөн ооруканалардын ачылышы бул жуманын соңунда ѳтүп, ага ТИКАнын жетекчисинин орун басары жана кыргыз жетекчилеринин катышты. Ошондой эле ар кандай заманбап жабдуулар менен камсыздалган бала бакчаларга барып көрүштү.

2 оорукана 60 миң долларга курулуп, 3 бала бакчага 15 миң доллар суммасында жабдуулар белекке берилди.

Нарындагы Ат-башы районунун Бирлик жана Эмгек-Талаа айылында ТИКА тарабынан курулган ооруканаларынын ачылышына ТИКАнын жетекчисинин орун басары Сүреййа Эр, “Кыргызстан” партиясынын лидери жана Нарын шаарынын депутаты Алмазбек Баатырбеков, Нарын губернатору Аманбай Кайыпоа, Ат-башы айылынын башчысы Семетей Черикбаев, Нарын шаарынын мэринин орун басары Нурбек Асанкулов, (ТИКАБишкек өкүлчүлүгүнүн координаторунун ѳкүлү Али Муслу жана басма сөз кызматкерлери катышты.

Эмгек-Талаа айылындагы оорукананын ачылыш аземинде Нарын шаарынын губернотору Аманбай Кайыпов ТИКАнын боордош кыргыз калкына болгон жардамын аябастан, ар дайым колдоп келе жатканын баса белгиледи.

Ал эми ТИКАнын жетекчисинин орун басары Сүреййа Эр кыргыз-түрк достугу долбоорунун негизинде ТИКАнын жасаган иштери алгачкылардан болуп Ата журту болгон Кыргызстанда ишке ашып, учурда курулуш иштери активдүү жүрүп жатканын баса белгилеп айтты. Анын айтымында бул ооруканалар бир тууган мамлекеттерге жардам берүү максатында курулуп жатканын билдирип, бул тууралуу ТРТ Аваз жана Медиа Манастын кабарчыларына кененирээк маалымат берди.

Мехмет Сүреййа Эр: “Ата мекенибиздеги иш-чараларыбыз биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Башка өлкөдөрдө болгон сыңары бул жакта дагы саламаттык сактоо тармагынан айыл чарба, экономика жана башка тармагына байланышкан иш аракеттерибиз координаторлуктун жардамы менен ишке ашып жатат. Биздин саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорубуз ишке ашууда. Мисалы, 2014-жылы Ош шаарындаишке киргизилген кыргыз-түрк достук бейтапканасы ушул тапта аталган аймакта жакшы кызмат кѳрсѳтүп жатат. Ал эми Бишкекте 2015-жылы башталган иштерибиз аягына чыгууда. Буюрса, ушул жылы толук кандуу ишке берилип калат деп күтүп жатабыз. Ал Түрк дүйнөсүнө өрнөк болуучу ооруканалардын бири болмокчу. Ошол эле учурда изилдөө бейтапканасы да болот. Анткени биздин ден соолук боюнча кызматтарыбыз чоң шаарлар менен эле чектелбей,чакан айылдарда жашаган тургундардын саламаттыктарына да көнүл бурууга аракет кылуудабыз”, - деди.

“Кыргызстан” партиясынын лидери жана Нарын шаарынын депутаты Алмазбек Баатырбеков ТИКАнын Кыргызстанда бир топ чоң долбоорлорго кол койгонун белгиледи.

Аталган ден соолук клиникасынын мээрман айымдарынын бири Динара Бекиева ТИКАнын жардамы менен курулган заманбап ооруканада иштеп жатканына сыймыктанаарын билдирди.

Нарын облусу Ат-Башы, Ак жар айылындагы “Сезим” бала бакчасынын мүдүрү Ырыс Жетигенова көрсөтүлгөн жардамдар менен балдарга кубаныч тартуулаганын айтты.

ТИКА Бишкек программасынын координатору Али Муслу, ТРТ Аваз жана Медиа Манастын кабарчысына Нарында жасалган жардамдар тууралуу кенен маалымат берип: - “Курулган ден соолук клиникалары 80 чарчы метр. Бирлик айылына болжол менен 2500 дөй калк жашайт. Ошол эле учурда Эмгек-Талаа айылында 3 миңге жакын эл жашайт. ТИКАнын жардамы жана колдоосу менен курулган ден соолук борборлору, бул айылда жашаган элдин саламаттык тармагындагы муктаждыктарын жоюп, заманбап жабдуулар менен камсыздалып, кызмат кыла баштады. Мындан тышкары 3 бала бакчага көмөк көрсөттүк. Алардын экипаж, эмерек, жатак, электроника сыяктуу айрым кемчиликтери бар экен. Аларды да камсыздадык. 5 миң киши жашаган Дыйкан, Ак жар жана Бирлик айылы бар. Аталган жерлердеги бала бакчаларга жардам бердик. Болжол менен 10миң кишинин балдары колдоно турган 3 бала бакчага көмөк көрсөттүк”, - деп билдирди.

Белгилей кетсек, ТИКА 1993-2016-жылдар аралыгында Кыргызстандын өнүгүшү үчүн 64 миллион долларлык жардамын кѳрсѳттү. Кыргызстанга Түркия тарабынан 2005-2016-жылдар аралыгында жасалган жардамдардын суммасы орто эсеп менен 930 миллион долларды түзөт.


Вернуться назад