Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Кош келдиңиз, президент мырза!

Кош келдиңиз, президент мырза!


15 марта, 12:13. Разместил: sharizat

 “ Жаны кун” 15- март күнкү  программасынын экинчи саатынын алкагында, "Кош келдиңиз, президент мырза!"  кинотасмасын  тартууга салым кошкон Асел Жураева жана бул тасманын башкы каарманы Токтосун Арзыкулов конокто болду.  Келген   коноктор тасма тууралуу  маек  курушту. Бул  тасма негизинен өз өлкөсүнөн качып кеткен президент тууралуу экенин айтып жана ар бир жаран бул кинону көрүүсүн баса белгиледи.

      Асел Жураеванын айтымында бул тасма драма жана комедия айкалышып тартылган жана бул Кыргызстандын азыркы абалы тууралуу тартылган деп кошумчалады. Ал эми  тасмада башкы каармандын ролун аткарган Токтосун Арзыкуловтун айтымында ролду аткарууда бир топ кыйынчылыктар изденүүлөр болгон. Темир Бирназаров режиссерлук кылган бул тасма мыкты жана кызыктуу болооруна шек санатпайт.

   Эскерте кетсек аталган  тасма 29-марттан баштап баардык кинотеатрларда эл назарына тартууланат.


Вернуться назад