Главная > Университет > Кытай маданиятынын күнү белгиленди

Кытай маданиятынын күнү белгиленди


29 февраля, 17:45. Разместил: bn

26-февраль күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 20 жылдыгынын алкагында Гуманитардык факультетинин Чыгыш таануу бөлүмүнүн студенттери тарабынан уюштурулган «Кытай маданиятынын күнү» белгиленди.

Маданий кече Кытай элинин улуттук кийимдеринин, тамак-аштары,  китептердин көргөзмөсү менен ачылып, каллиграфия боюнча мастер-класс жана кытай элинин чай даярдоо салты да көрсөтүлдү.

Иш-чаранын максаты - дүйнөдөгү улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын түрдүү маданиятын бири-бирине таанытуу.

Кечеге университет жетекчилери, БГУнун Конфуций атындагы институтунун жетекчилиги жана студенттер катышты.

Аталган кеченин алгачкы куттуктоо сөзүндө окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, окуу жайыбызда кытай элинин маданиятын таанытуу жана кытай тилин үйрөтүүгө өзгөчө маани берилип келе жатканын баса белгилеп: «Дүйнө жүзүндө 6 миллиардка жакын адам жашаса, анын 1,5 миллиардка жакыны Кытайда жашап, кытай тилинде сүйлөшөт. Кытай элинин тарыхы жана маданияты бай. Маселен, Кытай тарыхый булактарынан керектүү маалыматтарды таба алабыз. Кыргызстан Кытай менен чектешкен өлкө. Андыктан Кытайды таанып билүүгө мүмкүнчүлүктөр көп. Ал эми Түркия менен Кытайдын мамилеси тууралуу да айта кетсек, Түркиянын Кытайга болгон мамилеси дайым ачык. Эки мамлекеттер ортосундагы мамилелер күндөн күнгө бекемделүүдө. Анда соода-сатык, билим берүү, маданий, тарых, көркөм өнөр тармагында да бир топ байланыштары бар. Кытайдан үйрөнө турганыбыз абдан көп. Бүгүнкү күнү университеттин алдында Кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн студенттери жакшы билим алып, ийгиликтерге жетишип жатат.», -деп Конфуций атындагы институтунун жетекчилигине жана мугалимдердин кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдиребиз деп кошумчалады.

Ал эми университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев өз сөзүндө Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы байланышы тууралуу кененирээк маалымат берүүгө басым жасады: «Кытайдын бай тарыхы жана маданиятына кызыкпаган адам жок болушу керек. Кытайдын экономикасы бүгүнкү күнү дүйнөдөгү эң чоң экономика. Чыгыш менен Батыш жана Европанын экономикасынын өсүү темпин Кытайдын экономикасы аныктайт. Ошондой эле Кытай дүйнөдө технологиялык жана эл керектөөчү товарларды экспорттоочу ири өлкөлөрдүн бири. Андыктан Кытай экономикасында эмне болуп жатканы, бүткүл дүйнөнүн экономикасына таасир этет. Кытай Кыргызстанга чектеш жайгашкан эң жакын кошуналарынын бири болгондуктан, 90-жылдардан бери экономикалык жактан пайдалуу таасирин тийгизип келет. Учурда Кыргызстандын базарларында, күнүмдүк турмушубуздагы керектелүүчү каражаттарыбызда сөзсүз кытайдын товарлары орун алат. Кытай менен Кыргызстандын байланышы жылдан жылга бекемделүүдө. Алсак, эл аралык уюмдарга тагыраак айтканда, Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчөбүз. Кытай Кыргызстан үчүн ири инвестор жана соода жаатындагы өнөктөш болууга жетише алды. Азыр жол курууда, энергетика тармагын каржылоодо, социалдык долбоорлорду ишке ашырууда тыгыз кызматташуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күнү Кытайдан үйрөнө турган иштерибиз абдан көп. Албетте, байланышуунун, пикир алышуунун бирден-бир каражаты жана ачкычы тил болуп саналат. Андыктан окуу жайыбызда Кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн бар экендиги кубандырат. Аталган бөлүмдү ар тараптан колдоп, Кытайдан тажрыйбалуу мугалимдерди тартышыбыз зарыл.», - деп кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштардын келечеги кең болушун каалады.

Андан соң Бишкек Гуманитардык университетинин Конфуций атындагы институтунун директору, профессор Ляо Донг Мейге сөз берилди. Профессор Ляо Донг Мей Манас университетинин студенттери Кытай маданиятын таанытып жаткандыгына ыраазычылыгын билдирип: «Иш-чара Кытайдын жаз майрамына арналыптыр. Жаз майрамы Кытайда маанилүү жана чоң майрам болуп эсептелет. Бул майрамдын негизги максаты, ал биримдик. Кыргыз жана Кытай эли тарыхый жагынан дагы жакын. Эки мамлекеттин ортосундагы мамилени мындан ары да бекемдөө үчүн болгон күчүбүздү жумшамакчыбыз. Кытай тилин үйрөнүп жаткан студентердин окууларына ийгилик», - деди.

Куттуктоо сөздөрүнүн соңунда Кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн башчысы, профессор Осмонакун Ибраимов бөлүмдүн жасап жаткан иштерине баа берип, студенттерге ийгилик каалады.

Маданий кече концерттик программа, тагыраак айтканда, кытай элинин улуттук ыр-бийлери менен коштолду.


Вернуться назад