Главная > Новости "Медиа Манас" > Бул жаз “Дарак ыры” менен башталат

Бул жаз “Дарак ыры” менен башталат


20 февраля, 14:49. Разместил: sharizat

Россиянын жаркын жылдызы, атактуу «Город 312» тобунун солисти, биздин мекендешибиз Светлана Назаренко (Ая), Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева менен биргеликте “Дарак ыры” алгачкы кыргыз мюзиклине жаңы саундрек жаздырышты. Белгилей кетчү жагдай, Светлана ырды кыргыз тилинде аткарды.

Ыр жаздыруу жана клипти тартуу иштери Игорь Матвиенконун Москвадагы студиясында жүргүзүлдү.

Бир нече күндөн кийин саундтрек кыргыз көрөрмандарына тартууланат. Аталган тасманын 28-февралда “Манас” кинотеатрында өтүүчү  бет ачарына Светлана Назаренко жана Жылдыз Осмоналиева Москва шаарынан учуп келишет.

 “Дарак ыры” тасмасы алгачкы кыргыз киномюзикли. Фильм кыргызстандык “Централ Азия Фильм” жана россиялык “Синетрейн” компаниялары менен биргеликте тартылды. Сценарийдин автору жана режиссеру Айбек Дайырбеков.


Вернуться назад