Главная > Новости "Медиа Манас" > III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-сентябрда башталат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-сентябрда башталат


16 февраля, 15:53. Разместил: aynagul

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш датасы 2018-жылдын 2-сентябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромунда болот. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештери 36 улуттук спорт түрү боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 80 ашык өлкөлөрүнөн 3000 тегерегинде спортчу катышары болжонууда. Иш чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500 жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Премьер-министр  Сапар Исаков көчмөндөрдүн маданияты жана цивилизациясы бул дүйнө жүзүндөгү эң байыркылардан болуп саналат жана ал жыл сайын жаш муундар арасында кеңири сүймөнчүлүккө ээ болуп жатат деп белгилеген.

Өкмөт башчы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын масштабын катышуучу өлкөлөрдүн иш-чарага карай кызыгуусунун өсүшү көрсөтөт, ошондой эле туристтердин биздин өлкөгө болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга жана анын жагымдуулугун арттырууга көмөк көрсөтөт деп кошумчалады.


Вернуться назад