Главная > Новости "Медиа Манас" / Радиоподкаст > “Ракурс” уктуруусунун коногу кинорежиссер Темир Бирназаров

“Ракурс” уктуруусунун коногу кинорежиссер Темир Бирназаров


16 февраля, 15:35. Разместил: aynagul

Темир Бирназаровдон дагы бир жаңы кино. Быйылкы жаз менен кино сүйүүчүлөрдү кинорежиссерубуздун, качып кеткен президенттер туралуу тарткан көркөм тасмасы күтүп турат. Автор тасмада башкы ролду актер Токон Абдыгулов аткарганын белгиледи.

Студиянын коногу болгон кинорежиссер Темир Бирназаров уктуруунун жүрүшүндө эбегейсиз чоң ийгиликтерди жараткан “Түнкү кырсык” тасмасы тууралуу да угармандарга айтып берди. Белгилүү болгондой, аталган тасма Эстонияда өткөн эл аралык кадырлуу кинофестивалда баш байгени утуп алган.

 “Ракурс” уктуруусуна төмөндө толугу менен ортоктош боло аласыз:


Вернуться назад