Главная > Университет > Ректор Чет тилдер жогорку мектебинде

Ректор Чет тилдер жогорку мектебинде


25 февраля, 02:02. Разместил: bn

2016-жылдын 22-февралында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы Чет тилдер жогорку мектебин кыдырып, даярдоо курсунда түрк тилин үйрөнүп жаткан студенттердин сабактарына катышты. Анда университет жетекчиси «Көркөм өнөр жана адамзат» деген темада сөз сүйлөп, студенттер менен өз ара пикир алышты. Ректор ар бир адам өзүнө жана айланасындагы адамдарга да сый мамиледе болушу керектигин белгилеп: «Сылык адам жүрүш-турушу менен да башкаларга үлгү боло алат.  Жакшы сапаттардын ээси кайсы жерде болбосун урмат-сыйга ээ. Андыктан, адилеттүү, мээримдүү адам өзүнө да, өзгөлөргө да чынчыл жана акыйкат мамиле жасап, келечекке ишенимдүү карап, алга карай умтулат. Түрк дүйнөсүнүн жаштары дүйнө жүзүнө үлгү көрсөтүп, өзүңөргө оң сапаттарды гана сиңиришиңер кажет”, -деп адамдын ичиндегисин сыртка чагылдыруу чыгармачыл инсандын гана колунан келерин кошумчалады.

Жолугушууда студенттер ректор менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу


Вернуться назад