Главная > Новости "Медиа Манас" > Жакынкы убакта Республикабызда Иран кино жумалыгы өтөт

Жакынкы убакта Республикабызда Иран кино жумалыгы өтөт


16 января, 15:52. Разместил: aynagul

Иран мамлекети Кыргызстан менен банк кызматташтыгы жаатында дагы алаканы арттырууга кызыктар. Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбехани билдирди. Элчи журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан-Иран ортосунда  илим-билим тармагында да кызматташтык жакшы жолго коюлгандыгын жогорку окуу жайлар жана илим изилдөө борборлору менен жүргүзүлгөн биргелешкен иш-аракеттер  далил боло алаарын айтты.

Иран элчиси Али Можтаба Рузбехани: “Быйылкы жылдагы белгиленген иш-чаралардын дагы бири бул Кыргызстандык активист аялдардын курамын  Иран мамлекетине жана ал жактан ушундай эле делегацияны Кыргызстанга алып келип өз-ара  таанып билүү иш-чараларын уюштурууну көздөп жатабыз. Мындан сырткары ар кыл окутуу курстарын уюштуруу жана Кыргызстандын студенттеринин Иранда билим алуусуна гранттык орундарды бөлүүнү да мерчемдегенбиз”-деди.

Өткөн жылдан тарта эки өлкө ортосундагы банк чөйрөсүндөгү кызматташтык жандана баштады десек болот. Бүгүнкү күндө ирандык бизнесмендер Кыргызстанда ар кыл биргелешкен ишканаларды ачууга жана эки өлкө ортосундагы товар айлантууга кызыктар.

Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолун куруу боюнча долбоордун жакынкы аралыкта жүзөгө ашырылышы дагы эки өлкөнүн ортосундагы негизги стратегиялардын бири экенин элчи Али Мождаба Рузбехани бүгүнкү дипломатиялык кызматташтык алаканын 25 жылдыгына арналган пресс-конференцияда белгиледи.

 


Вернуться назад