Главная > Новости "Медиа Манас" > Бүгүн, Кыргыз Республикасынын гимнине 25жыл

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын гимнине 25жыл


18 декабря, 16:38. Разместил: aynagul

Кыргыз Республиканын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын гимнин кабыл алынышынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоду.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

 

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын гимнин кабыл алынышынын 25 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мамлекеттик гимн - элибиздин эркиндигинин, өлкөбүздүн коомдук жана расмий турмушундагы эң башкы белгиси. Гимн - элибиздин бүткүл тарыхынын, тагдырынын, мекенчилдик бийик касиеттин, эл, Мекенге болгон ыйык сезимдин символу.

Музыкасын залкар композиторлор Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов, сөзүн таланттуу акындар Жалил Садыков жана Шабданбек Кулуев жазган мамлекеттик гимндин кабыл алынганына 25 жыл толот. Улуттук гимн  чейрек кылымдан бери өлкөбүздүн турмушунун ажырагыс бөлүгү катары, элибиздин духун,  патриоттук сезимин көтөрүп келет. Дүйнөнүн булуң-бурчтарында, эл аралык  кадыр-барктуу ареналарда, дүйнөлүк спорттук оюндарда улуттук спорт чеберлеринин  жеңиштеринде жаңырып, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын даӊктап келет.

Эгемен өлкөбүздүн башкы  символу катары гимнди Кыргызстандын ар бир жараны сыймыктануу менен ырдап келет. Гимн – улуттук сыймыкка, улуттук – ар-намыска айланды.

Мамлекеттик гимн улутубуздун эркиндигинин ыры катары дайыма жашап,  дайыма жаңырып турсун!»

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 


Вернуться назад