Главная > Университет > Таяк тартыш боюнча биринчи ачык чемпионаты

Таяк тартыш боюнча биринчи ачык чемпионаты


23 февраля, 22:23. Разместил: bn

19-февраль күнү Кыргызстанда улуттук оюндардын бири «таяк тартыш» боюнча биринчи ачык чеипионат башталды. Мелдеш окуу жайыбыздын спорт комплексинде өттү.

Иш  чаранын негизги  максаты Кыргызстандын курамасын түзүү болуп саналат.

Таймашка Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан биригип, 140 катышуучу билек түрө күч сынашты. Мелдеш мырзалар жана кыз-келиндер арасында өтүп, медалдар ойнотулду.

Иш чаранын ачылышында КРнын туризм департаментинин башчысы А.Жаманкулов, КРнын ϴкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Ж.Исакулов, КРнын Жаштар, дене тарбия жана спорт борборунун директору Ж.Шамканов, Таяк тартыш боюнча эл аралык федерациянын башкы катчысы И.Григорьев, университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, Таяк тартыш федерациясынын биринчи вице-президенти И.Алымбеков катышып, аталган чемпионаттын ачылышы менен куттуктап, катышуучуларга ийгилик каалашты. Ошондой эле Таяк тартыш боюнча эл аралык федерациянын башкы катчысы И.Григорьев окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжыга университеттин кошкон салымы үчүн аталган федерациянын атынан символикалык белек тапшырды.

Белгилей кетсек, оюндун жеңүүчүлөрү быйыл боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда таяк тартыш боюнча дүйнөлүк чемпионатка жана Ташкент шаарында өтүүчү Азия чемпионаты боюнча мелдешке Кыргызстандын атынан катыша алышат.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу


Вернуться назад