Главная > Новости "Медиа Манас" > Бишкектиктер 4 күн бою бекер кино көрө алышат

Бишкектиктер 4 күн бою бекер кино көрө алышат


6 декабря, 13:55. Разместил: sharizat

Ага КМШ, Балтика жана Грузия өлкөлөрүнөн келген катышуучулар, кыргыз киносунун өкүлдөрү жана жалпы кино сүйүүчүлөр катышат.

Аталган фестиваль жетинчи ирет өткөрүлөт. Фестивалда  эл аралык жана улуттук сынак өтүп, "мыкты тасма", "мыкты режиссура", "калыстар тобунун атайын байгеси" жана "көрөрмандардын сүймөнчүгү" номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Ал эми калыстар тобунун төрагалыгына орусиялык кинотаануучу жана тарыхчы Сергей Землянухин чакырылган. Курамда продюсер Анар Кашаганова (Казакстан), режиссер, сценарист жана композитор Нана Джанелидзе (Грузия), актер жана оператор Арто Хачатурян (Армения),  режиссер, продюсер жана сценарист Эрнест Абдыжапаров (Кыргызстан) бар.

12-декабрдан тарта 4 күн ичинде баш байгеге ат салышкан тасмалар “Манас” кинотеатрында көрсөтүлөт. Ар бир калоочу 11:00дөн 19:00гө чейин тасмаларды калыстар тобу менен бирге көрө алышат.

Фестивалдын жүрүшү тууралуу маалыматты жана көсөтүлө турчу тасмалардын программасын бул жактан окуй аласыздар.

 

Жазган: Кенешова Гулзира

 


Вернуться назад