Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Бакыт Осмонканов: Апамды издеп- менен Ата -тасмаларын салыштырбаш керек, Ата- такыр башка окуя."

Бакыт Осмонканов: Апамды издеп- менен Ата -тасмаларын салыштырбаш керек, Ата- такыр башка окуя."


15 ноября, 15:49. Разместил: sharizat

Эфирде 16-ноябрда бет ачаары боло турган «Ата» социалдык – драмасы тууралуу маек курулду.

    «Үй-бүлө тууралуу азыркы учурда аябай көп суроолор болуп жатат. Ошол суроолорго биз кино аркылуу жооп бергенге жана кинонун жардамы менен өзүбүздү тарбиялаганга, оңдогонго аракет кылып жатабыз. «Ата» тасмасы тууралуу айтсам, кичине комедиядан эс алып, глобалдуу, социалдуу темаларды камтыган кино тартып көрөлү деп чечтик. Тасманын сюжети боюнча Асан (Болот Тентимишев) аттуу башкы каарман 2 баласын жалгыз өстүрөт. Жашоо ушундай экен көптөгөн терс көрүнүштөрдүн, кыйынчылыктардын натыйжасында биздин каарманыбыз жалгыз (балдарынын энеси жок) калып калат. Тасма атанын үй-бүлөдөгү ролу, эненин ролу, ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамиле жөнүндө. Тасманын сценарийин жазында жазып, жай бою тартып, күз бою монтаж кылып,кудай буюрса 16-ноябрда боло турган премьеранын алдынба турабыз.» - деди Бакыт Осмонканов.

Мындан тышкары, "Апамды издеп" менен "Ата" тасмаларын салыштырбаш керектигин, "Ата"тасмасында такыр башка окуя чагылдырылганын баса белгилеп өттү.

 

Жазган: Көчөрова Самара

Маектешкен: Гульзира Кеңешова

 


Вернуться назад