Главная > Спорт > Кыргызстан футзал боюнча 2016-жылкы Дүйнө Чемпиондугуна ат салышууну улантат

Кыргызстан футзал боюнча 2016-жылкы Дүйнө Чемпиондугуна ат салышууну улантат


19 февраля, 12:16. Разместил: sharizat

Кыргызстан футзал боюнча 2016-жылкы Дүйнө Чемпиондугуна ат салышууну улантат.

Ташкентте АФК нын(Азия Футбол Конфедерациясы) залда ойнолуучу кичи футбол боюнча 2016-жылы Колумбияда өтө турган Дүйнө Чемпиондугуна тандап алуу оюндары жыйынтыкталар алдында турат.

4 жолдомонун ээси аныкталды.

5-жолдомо үчүн 18-февралда кыргыз спортчулары учурдагы Азиянын Чемпиону Япония менен кез келди. Эсеп сандары 6:2 менен Кыргызстандын пайдасына жазылды.

Ал эми параллель оюндар Австралия менен Ирактын ортосунда жүрдү. 5:3 эсеп катышы менен Австралия женишти камсыздады.

19-февралда чечүүчү оюн Кыргызстан менен Австралиянын ортосунда жүрөт.

 

Жазган: Эржан Байкулов.


Вернуться назад