Главная > Новости "Медиа Манас" > Сүймөнкул Чокморов кыргыз улутунун сыймыгы

Сүймөнкул Чокморов кыргыз улутунун сыймыгы


9 ноября, 11:21. Разместил: aynagul

Бүгүн, 9-ноябрда көрүнүктүү сүрөтчү, таланттуу актер Сүймөнкул Чокморов  тирүү болгондо 78жашка чыкмак. Сүймөнкул Чокморов  кыргызды дүйнөлүк коомчулукка тааныткан, элибиздин сүймөнчүлүгүнө айланган,жалпы кыргыз улутунун сыймыгы. Дүйнөгө белгилүү залкар сүрөткер, залкар киноактер, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл артисти, СССРдин Эл артисти, СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, Кыргыз Эл депутаты, көптөгөн Эл аралык, Бүткүл союздук, Республикалык сыйлыктардын, баш байгелердин ээси, жыйырмадан ашык кинотасмаларда башкы ролдорду ойногон. Ал көркөм сүрөт  жана графика түрүндөгү 800гө жакын чыгарманын автору. 27 полотносу дүйнөнүн атактуу музейлеринде илинип турат. Улуу сүрөткерди эскерүүгө карата 9-ноябрда  Бишкекте Кино үйүндө Сүймөнкул Чокморов тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Саат 12де «Караш-Караш» тасмасы, саат 14:00тө  «Ысык-Көлдүн кызгалдактары»,16:00 «Кызыл алма» тасмасы көрсөтүлөт.


Вернуться назад