Главная > Университет > Брин Ласем Кыргыз-Түрк «Манас» университетине келди

Брин Ласем Кыргыз-Түрк «Манас» университетине келди


20 октября, 17:39. Разместил: bn

20-октябрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тарых факультетине Канаданын Британиялык Колумбия (University of British Columbia) университетинин доктору Брин Ласем (Bryn Letham) келип, өз изилдөөлөрү боюнча кеңири маалымат берди.

Ал геологиялык жана археологиялык жаңы усулдуктарды колдонуу менен мындан орточо алганда 18 000  (он сегиз миң жыл) илгери байыркы адамдардын Аляска аркылуу өтүү процессин изилдеген.  Тактап айтканда,  калыңдыгы 1-2 км созулган муз катмарынын  жердин рельефине тийгизген таасири, археологиялык эстеликтерди геологиялык катмардан издеп табуу боюнча маалымат берди.

Биздин студенттер жана мугалимдер суроо узатып,  байыркы индеецтер калтырган эстеликтер боюнча жана башка кызыккан маселелерди талкуулашты. Ушул маселеге кызыккандар болсо  доктор Брин Ласемдин жеке сайтынан маалымат ала алат: 

https://anth.ubc.ca/faculty/bryn-letham


Вернуться назад