Главная > Новости "Медиа Манас" > Түрк дүйнөсүнүн жаштары IX эл аралык “Келечек менен байланыш” жыйынында жолугуштуу

Түрк дүйнөсүнүн жаштары IX эл аралык “Келечек менен байланыш” жыйынында жолугуштуу


11 октября, 11:24. Разместил: sharizat

Түрк дүйнөсүнүн жаш журналисттери, 3-8-октябрь күндөрү Румыниянын Констанца  жана Гагаузиянын Комрат шаарында өткөн IX эл аралык  “Келечек менен байланыш” жыйынында жолугуштуу.

Иш-чара 3-октябрда Констанцадагы Овидиус университетинде башталып,“Медиа жана демократия” темасынын алкагындагы отурумдарда басма сөз эркиндиги, социалдык медиа,  коомдук ажырым,  улуттук коопсуздук жана аймактык ынтымак өңдүү  бир катар маселелер  талкууланды.

Румыниядагы көчмө жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Констанца  аймагында  түрк калктары жыш жайгашкан Меджидие шаарчасын жана Бабадаг, Башпынар айылдарын кыдырып, алардын тарыхы жана маданияты менен таанышышты.

Жыйын 6-7-октябрда Гагауз жергесинде Кыпчак, Конгаз, Авдарма, Бешалма айылдарын жана Комрат шаарын кыдыруу, жергиликтүу калк менен таанышуу менен жыйынтыкталды.

Мындан сырткары жаш журналисттер кыдырылган жерлерде уккан жана көргөндөрүн бириктирип, журналисттик материалдарды  даярдашты.

Эл аралык  “Келечек менен байланыш” жыйыны тогуз жылдан бери Түркиянын радио жана телеберүү боюнча жогорку кеңеши тарабынан уюштурулуп келет.  Аталган иш-чара былтыр Бишкек жана Алматыда өткөн.  Жыйындын максаты, түрк дүйнөсүнүн жаштарынын ортосунда байланыш куруу, бири-биринин тарыхый жана маданий баалуулуктары менен тааныштыруу.

 

Айпери Сейитбекова, Стамбул 

 


Вернуться назад