Главная > Новости "Медиа Манас" > Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы ишке кирди

Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы ишке кирди


10 октября, 15:22. Разместил: aynagul

- "Таза коом" биздин жарандардын турмушун жеңилдетүү үчүн жасалат. Анын максаты - жарандар менен мамлекеттик органдардын мамилесин электрондоштуруу,-деп билдирди Сапар Исаков презентация маалында.

Премьер-министр Сапар Исаков өзүнүн паспорту менен электрондук түрдө паспорт алууга арыз толтуруу, никени каттоо, кыймылсыз мүлк тууралуу мамлекеттик реестрден маалымдама алуу сыяктуу кызматтардын иштешин иш-чаранын катышуучуларына демонстрация кылды.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы (portal.tazakoom.kg) - мамлекеттик кызматты электрондук форматта алууга жана бирдиктүү терезени өзүнө камтыйт. Анда никени каттоого арыз берүү, жашаган дареги боюнча каттоого туруу, дарек кагазын алуу, жоголгон документтерди текшерүү жөнүндө маалымат алуу, паспортту даярдоо үчүн арыз-анкета тапшыруу, кыймылсыз мүлккө жана кыймылдуу мүлккө ээ экендигин аныктаган мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу, айдоочулук күбөлүк алууга мүмкүн болот. Ошондой эле паспортторду үйдөн чыкпастан дистанциялык түрдө алууга шарт түзүлөт.


Вернуться назад