Главная > Новости "Медиа Манас" > Монреалда Кыргыз тасмасы сыйлыкка татыды

Монреалда Кыргыз тасмасы сыйлыкка татыды


5 сентября, 11:59. Разместил: sharizat

Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасы 41 эл аралык кинофестивалында, ооз эки салтты жеткирүүдө - визуалдык инновациясы үчүн номминациясында “Алтын Зенитти” багынтты.

Аталган сыйлыкты режиссёр атына Александра Окунева алды жана аманатты Эрнест Абдыжапаровго өз колу менен тапшыраарын белгилеген. XX кылымдын Гомери  Саякбай Каралаев тууралуу бул тасма, Кыргызстандык көрүүчүлөргө үстүбүздөгү жылдын 7 сентябрындан тарта тартууланат. Бул кубанычтуу кабар менен жеке социалдык баракчасына бөлүшкөн  актриса Замира Сатылдиева эжеге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.(ŞB)


Вернуться назад