Главная > Новости "Медиа Манас" > Өспүрүм киночулар Кореядагы кинолагерге катышып келишти

Өспүрүм киночулар Кореядагы кинолагерге катышып келишти


7 августа, 09:19. Разместил: sharizat

 

Алгачкы өспүрүмдөргө арналган “Карек” фестивалынын жана “Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” эл аралык кинофестивалынын катышуучулары Батыркан Ильясов жана Тимур Искаков Кореяда болуп өткөн кинолагерге ийгиликтүү катышып келишти.

Аталган кинолагерь 12-ирээт өткөрүлгөн “BIKY”  өспүрүмдөрдүн кинофестивалынын алкагында Пусан шаарында уюштурулду.

Кинолагерге 5 өлкөдөн (Кыргызстан, Индонезия, Монголия, Япония, Корея) 11 жаш киночу катышып, кино жаатында жалпы билимге ээ болушту жана 2 кыскаметраждуу тасма тартууга үлгүрүштү.

“BIKY”   фестивалы алгачкы ирээт 2005-жылы өткөрүлгөн. Ага киного кызыккан 18 жашка чейинки балдар катыша алат.

Кошумчалай кетсек, 2016-жылы өткөн “Карек” фестивалында Батыркан Ильясов “Кошуналар” анимациялык тасмасы үчүн “Мыкты анимация” номинациясын, ал эми Тимур Искаков “Мыкты тасма” номинациясын жеңип алган.

 

 

Жазган: Гулзира Кенешова


Вернуться назад