Главная > Университет > Көнүл айтуу

Көнүл айтуу


7 июля, 18:57. Разместил: bn

Көркөм өнөр факультетинин деканы, кадырлуу профессор, доктор Мехмет Башбуг агайбыздан оорунун айынан айрылганыбызга терең кайгырып жатабыз. Сүйүктүү агайбызга Аллахтан ырайымдуулук, үй-бүлөсүнө, жакындарына жана бүтүн жамаатыбызга кайрат кылууну тилейбиз.

Мухтерем агайбыз менен коштошуу иш-чарасы Чыңгыз Айтматов ат. кампусундагы Ректорат имаратында эртен (2017-жылдын 8-июльда) саат 12:00 уюштурулуп университеттин Сатук Бугра Хан ат. Мечитинде түшкү (бешим) намаздан кийин жаназа окутулмакчы. Бүгүн (2017-жылдын 7-июльда) кечинде куптан намазындан кийин сүйүктүү агайбыздын жанына арнап Куран окутулат.

Кымбатуу агайыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Мухтерем мырзанын жубайы, балдары жана үй-бүлөсүнө сабыр, чыдамдуулук, ден соолук жана бакубат, берекелүү өмүр каалап, жамаатыбызга жана жакындарына кайрадан кайрат кылыңыз деп
тилейбиз.

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректораты.


Вернуться назад