Главная > Университет > Манасты тандашууда

Манасты тандашууда


6 июля, 17:39. Разместил: bn

“МАНАС” университетине 2017-2018 –окуу жылы үчүн кабыл алуу сынатарынын жыйынтыгы чыкты жана учурда, жетиштүү упай алган абитуриенттер тарабынан бөлүм тандоо, КТМУнин Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчасынын имараттарында өтүп жатат.

Кыргызстандын жети дубанынан келген талапкерлер “Манас” университетине кирүү сынактарына үстүбүздөгү жылдын экинчи июлунда, Бишкек жана Ош калааларында тапшырышкан. Университетибизге 8509  абитуриент документ тапшырган.

Ошондой эле “Манас” университетине 2017-2018 окуу жылына, Кыргыз Республикасынын Жалпы Республикалык тесттин жыйынтыгы менен 100 студент кабыл алынат жана ал 2017 жылдын 10- июлунда КТМУнин Коммуникация факультетинин имаратында өтөт.

Жалпылап алганда быйыл «Манас» университети 1297  студент кабыл алынат.


Вернуться назад