Главная > Университет > KTMÜ Öğretim Üyesine Cumhurbaşkanlığı Özel Ödülü

KTMÜ Öğretim Üyesine Cumhurbaşkanlığı Özel Ödülü


31 мая, 12:53. Разместил: bn

Университетибиздин Түркология бөлүмүнүн бөлүм башчысы фил.ил.доктору, доцент Бурул Сагынбаева Түркия Республикасынын президентинен сыйлык алды
Ататүрк Маданият, Тил жана Тарых уюму менен Түрк тил уюмдары тарабынан Бештепе улуттук маданият жана Конгрес Борборунда уюштурулган, VIII эл аралык Түрк тили курултайында Түркология бөлүмүнүн башчысы жана окутуучусу фил.ил.доктору, доцент Бурул Сагынбаева Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдогандан «Түрк тилине эң мыкты кызмат» сыйлыгын алды. 
VIII эл аралык Түрк тили курултайына Премьер министрдин орун басары Тугрул Түркеш, Жаштар жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч, Ички иштер министри Сулейман Сойлу, Ататүрк Маданият, Тил жана Тарых уюмунун төрагасы профессор, доктор Дерья Өрс, Түрк тил курумунун төрагасы профессор, доктор Мустафа Качалин жана Түркиядан жана башка 33 өлкөдөн келген коноктор катышты. 12 окумуштуу-түркологдор сыйлыкка татыктуу болушту. Сыйлык алгандар арасында 95 жаштагы түрколог профессор, доктор Зейнеп Коркмаз да бар эле.


Вернуться назад