Главная > Новости "Медиа Манас" > 19-май - Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамы куттуу болсун!

19-май - Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамы куттуу болсун!


19 мая, 10:15. Разместил: bn

Бүгүн, Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган 19-май - Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамына карата жаштар менен жолугушат.

Түркиянын Жаштар жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч, Аныткабир мемориалдык комплексине барып, андан соң Самсун шаарындагы “Желек” жөө жүрүшүнө катышат.

Түрк кеңеши Түрк университеттер ассоциациясынын мезгилдүү жетектеген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болсо, майрамдын урматына аталган ассоциациянын I спорт оюндарынын жыйынтыктоо салтанаты өткөрүлүүдө. Бишкек сааты менен эртең мененки 11де башталган салтанатка Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин ЖОЖдорунан келген студенттер катышып, оюндун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылууда.


Вернуться назад