Главная > Университет > Түрк университеттер ассоциациясынын спорт командалары КТМУда

Түрк университеттер ассоциациясынын спорт командалары КТМУда


15 мая, 06:30. Разместил: bn

Түрк кеңеши Түрк университеттер ассоциациясына мезгилдүү жетекчилик кылган Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан уюштурулган “Түрк университеттер ассоциациясынын I спорттук оюндарына" катыша турган командалар келишти.
15-19-май күндөрү өтө турган спорт оюндарына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринен 235 спортчу катышып, күрөш, мини футбол, стритбол, волейбол жана таяк тартыш оюндарында ат салышышат. Спорт оюндарынын ачылыш аземи 15-май күнү кечинде салтанаттуу түрдө “Манас” университетинин спорт аянтчасында өткөрүлөт.


Вернуться назад