Главная > Новости "Медиа Манас" > күмүш коллекциялык монеталарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт

күмүш коллекциялык монеталарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт


12 мая, 16:21. Разместил: sharizat

Эл аралвк рынокто Кыргызстандын айрым коллекциялары(чектелген санда сатылуучу) КМШ өлкөлөрүнүн монеталарыныничинде жогорку рейтинге ээ. Ушундан улам, Улуттук банк коллекционерлерге 25 жыл ичинде чыгарылган, кайталангыс өзгөчөлүккө ээ, сейрек кездешуучу коллекциялык монетарларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу сушутайт.

Аукцион катышучуулары  он бештен ашуун монета – 1995-жылы “Манасэпосунун 1000 жылдыгы” урматына чыгарылган алгачкы коллекциялык кумуш монета, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун талантынан жаралган чыгармаларга арналган, 2010-жылы өткөн сынакта калыстар тобунун жогорку баасына татыктуу болгон “Ч.Айматов” монетасы, ошондой эле “Улуу женишке 70-жыл” кумуш монетасы сунушталат.

Улуттук банктын коллекцииаялык монеталарды дүйнөлүк нумизмат рыногунда Кыргызстанды татыктуу чагылдырып көрсөтүү,анын жетишкендиктерин даңазалоо максатында чыгарып келет. Эстелик монеталарда эгемен өлкөнүн тарыхындагы урумтуу учурлар чагылдырылган. Алтын жана кумуштөн жасалган монеталар эл аралык “проф” сапатына ээ жана заманбап  техннологияларды колдонууменен өзгөчө дизайнда жасалат.

Бардык монеталар тышкы таасирлерден коргоо максатында акрил желимчесине капталып, сертификаты менен кошо өзүнчө кутуга салынган.

Бардык жеке адам же юридикалык жактар аукциондун катышуучусунан болот алат.

Эсептешүүлөр накталай жана нак эмес ишке ашырылыат.

Аукционго күрөөсүз катышууга болот.

Аукцион, Бишкекек шаары, Чуй проспекти 168 а, дареги боюнча жайгашкан “Тунгуч” теартрныны имартында саат 16. 00 өтөт.


Вернуться назад