Главная > Новости "Медиа Манас" > "Манас" университетинде бүгүн "Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү" эл аралык конференция өтүп, көз жоосун алган көргөзмө менен коштолууда

"Манас" университетинде бүгүн "Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү" эл аралык конференция өтүп, көз жоосун алган көргөзмө менен коштолууда


3 мая, 14:39. Разместил: aynagul

Иш-чараны  Түркия Республикасынын Премьер-министрлигине караштуу «Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА)», Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Эл аралык түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ), Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жана Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун колдоосу менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү уюштуруп жатат. 3-4-май аралыгында Бишкекте өткөрүлүп жаткан “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү” аттуу эл аралык конференцияда илимий өңүттө талкуулар болот жана эл аралык “түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү” салтанаты маданий маанилүү иш-чаралардан болуп калмакчы.


Вернуться назад