Главная > Блоги > Тил үйрөнүүнүн чордону-чет тилдер жогорку мектеби

Тил үйрөнүүнүн чордону-чет тилдер жогорку мектеби


27 мая, 16:29. Разместил: aynagul

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде алгачкылардан болуп ачылган, 18 жылдан бери студенттерге кыргыз, орус, түрк, англис жана кытай тилдерин үйрөтүп келе жаткан чет тилдер жогорку мектебинин түптөөчүсү Мухиттин Гүмүш бүгүнкү "Ракурс" уктуруусунун коногу болду. "Көп тил билген адам бийик учат" деген пикирди карманган Мухиттин Гүмүш аталган жогорку мектептеги акыркы жаңылыктардан айтып, чет тилдерин үйрөнүүнүн сырлары менен бөлүштү. "Учурда биздин жогорку мектепте 92 толук ставкадагы мугалимдер эмгектенсе, алардын 47си түрк тилинен, 16 мугалим кыргыз тилинен, ал эми 20 мугалим англис тилинен сабак берет.  Кыргыз-Түрк "Манас" университети түптөлгөндөн бери 10.000 студент түрк тилин, 3000 студент кыргыз тилин өздөштүрүп чыкты",-дейт М.Гүмүш. Коногубуз маегинин соңунда кыргыз тилин чет тили катары окутуу үчүн окуу куралдары даярдалып жатканын белгилеп өттү.


Вернуться назад