Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Чыгармачылык кыйынчылыгы менен кызык

Чыгармачылык кыйынчылыгы менен кызык


28 апреля, 15:33. Разместил: sharizat

Кыргыз Республикасынын эл артисти, режиссер, сүрөтчү, актер жана продюсер Актан Арым Кубат (Абдыкалыков) Саламат Имановдун “Автопортрет” программасынын коногу болду.

     “Токтогул” атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Актан мырза “Манас” радиосунда, бир саат алкагында кызуу маек курду. “Чыгармачылыктагы ар бир адамдын өзүнүн кыйынчылыктары болот. Негизи тасма тартууда деле ар кандай кыйынчылыктар жаралат: тасманын идеясын ойлонууда, аны тартууда, экранга чыгарууда. Башкача айтканда арбир кадамда десем да жаңылышпайм. Бирок, менимче, чыгармачылык дал ушул кыйынчылыктары менен кызык! Өзүм болсо ар дайым башкача нерсени жаратууга аракеттенем. Тасмаларымдын өзгөчөлүгү да, менин ой жүгүртүүмдө десем болот. “Кентавр” тасмасында болсо, изденүүнү чагылдыргам. Ал изденүүнү ар ким башкача кабыл алат.”-деп, билдирди Актан мырза.

      Актан Арым Кубат агабыздын маданиятка кошкон эмгектерине негизи эле баа жеткис. Эскерте кетсек Актан мырза көптөгөн эл аралык фестивалдардын да жеңүүчүсү.

Жазган: Жоомарт Шайдылдаев


Вернуться назад