Главная > Университет > КТМУ ректору Ахмет Ясави университетинде өткөрүлгөн конгресске катышты

КТМУ ректору Ахмет Ясави университетинде өткөрүлгөн конгресске катышты


27 апреля, 23:18. Разместил: bn

Үстүбүздөгү жылдын 26-28- апрель күндөрү Казакстан Республикасынын Түркстан маданият борборунда өткөрүлгөн конгресстин ачылыш аземине Түрк кеңеши Түрк университеттер ассоциациясынын башчысы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана проректор, профессор Хусейин Өгүт катышты. Мындан тышкары Түркиянын улуттук кыймыл саясий партиясынын Түрк дүйнөсү жана эл аралык мамилелерден жоопкерчиликтүү жетекчисинин орун басары жана Анталья шаарынын депутаты, доцент Мехмет Гүнал, Ахмет Ясави университетинин камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Муса Йылдыз, Мармара университетинин ректору, профессор Мехмет Эмин Арат, БЕМ-БИР-СЕН кесиптик бирикмесинин жетекчиси Мүрсел Турбай, Ахмет Ясави университетинин ректору, Валихан Абдибеков, биринчи проректору, профессор Мехмет Куталмыш жана башка аттуу-баштуу өкүлдөр катышкан конгресстин ачылыш аземинде Түштүк Казакстан аймагынын губернатору, профессор Жансейит Түймебаевдин куттуктоо катын Түркстан облусунун губернаторунун орун басаыр Гани Рысбеков окуду. Андан соң сөз сүйлөгөн Түркиянын улуттук кыймыл саясий партиясынын Түрк дүйнөсү жана эл аралык мамилелерден жоопкерчиликтүү жетекчисинин орун басары жана Анталья шаарынын депутаты, доцент Мехмет Гүнал Ата Мекенине жана Ясави баскан топуракка келгенине абдан сыймыктанып жатканын билдирип, өткөрүлүп жаткан конгресс Түрк дүйнөсүнүн келечегин таамай көрүүгө жана Түрк-Ислам маданиятына чоң салымы болоорун белгиледи. Ахмет Ясави университетинин камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Муса Йылдыз: “Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин Түрк дүйнөсүнүн лидерлигине университетибизди Түрк дүйнөсүнүн орток университети катары сунуштоосу жана лидерлердин да муну кабыл алуусу, биз үчүн улуу жоопкерчилик. Ахмет Ясави университетинин бардык жамааты бул жоопкерчиликти сезишет жана аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн абдан аракет кылышат. Түркстандын Түрк дүйнөсүнүн маданият борбору болуусу жана университетибиздин Ясави шаары менен айкалышуусу бизге жүктөлгөн жоопкерчиликти дагы да арттырды десек жаңылышпайбыз”,-деди.
Ачылыш сөзүнөн кийин Мехмет Гүнал, Мехмет Эмин Арат, конгресске катышкандыгы үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжыга казактардын улуттук чапанын жабышты.

Андан соң Ахмет Ясави университетинин ректору, профессор Валихан Абдибеков ачылыш сөзүнөн кийин Хожа Ахмет Ясавинин 850 жылдыгына карата 2016-жылы ЮНЕСКО тарабынан Ахмет Ясави жылы деп жарыялангандыгынан урматына Мехмет Гүнала, Мехмет Эмин Аратка жана Себахаттин Балжыга алтын медаль тапшырды.

Түрк кеңеши Түрк университеттер ассоциациясынын башчысы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы, ачылыш сөзүндө: “Түрк дүйнөсүндө акыркы 200 жылда төмөндөөлөр болгонуна карабай, 1991-жылы чоң ийгиликке жетишти. Өткөн 25 жылды анализдей турган болсок, бир топ өнүгүүлөр болгонун көрө алабыз. 25-30 жыл мурун каерде элек дей турган болсок, Түрк дүйнөсүндө бул күндөрдү кыялдануу да мүмкүн эмес болчу. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, 30 жыл мурункуга 1970-жылдарды карай турган болсок, бул күндөрдүн кандай болоорун ким кайдан билмек эле? Бизге бул күндөрдү насип кылган эң биринчи Аллахка ыраазычылык. Андан кийин бул мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай ийгиликтүү пайдалана алган 6 эгемендүү өлкөнүн башчыларына жана эмгеги сиңген бардык адамдарга ыраазычылыбызды билдиребиз. Анткени 6 өлкөнүн бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруусу Түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Буга абдан көңүл буруу керек”,-деген Себахаттин Балжы, ынтымак жана достук үчүн коркунучтун жаралуусу, майда-чүйдө эсептешүүлөр жана меселелерден пайда болгон мамилелердеги жарака экенин белгилеп: “Жаралган коркунучтарды туура анализдеп, алардын алдын алуубуз керек. Бул жагынан алганда жаштар буларды туура баамдоолору, мыкты өздөштүрүүлөрү абзел. Анткени келекчекти жаштар курат. Жаштар мындай нерселерге даяр болуулары керек. Бул максатта Түрк кеңеши Түрк университеттер ассоциациясынын мезгилдүү башчылыгында орхон процесси колго алынды. Мунун алкагында жогорку окуу жайларынын бири-бири менен айкашуусу, дипломдордун өлкөлөр арасы жарактуу деп эсептелүүсү, алмашуу программалары жана билим берүүдөгү сапатты арттыруу иш-аракеттери аткарылып жатат. Мисалга ала турган болсок, Түрк дүйнөсү студенттик кеңешинин жаштары менен иш-чаралар уюштуруу, 2017-2018 окуу жылында студенттер жана окутуучулар арасында алмашуу программаларын ишке ашыруу процесстери башталды. Мындан сырткары 2017-жылдын 15-19- май күндөрү үчүн “I Түрк университеттери ассоциациясынын спорт оюндарын” Бишкекте КТМУда өткөрүү үчүн даярдыктар көрүлүүдө”-деди.

28-апрелде жыйынталган конгресске АКШ, Англия, Россия, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, Монголия жана башка өлкөлөрдөн 100 гө жакын илимпоздор катышты.

 

Медиаманас

Ахмет Ясави университети


Вернуться назад