Главная > Университет > “Классикалык ак-кара сүрөтчүлүк ” сабагы

“Классикалык ак-кара сүрөтчүлүк ” сабагы


27 апреля, 22:30. Разместил: bn

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде кесиптик сүрөтчүлүк  сабагы өттү. Бул алкакта Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин фотография өнөрү боюнча адис Фахри Тархан жана фотограф Сергей Новоселов 2017-жылдын 24-25-апрель күндөрү КТМУнун Фотограф студиясында студенттерге сабак өтүштү.
Классикалык фотоаппараттын функциясы, ак-кара үлгүсүндөгү тасмалардын өзгөчөлүктөрү жана фотоаппарат менен сүрөт тартуу чеберчиликтери тууралуу сабактын биринчи күнүндө үйрөнүшкөн студенттер жогорку чеберчиликте сүрөт тартууну өздөштүрүү үчүн машыгышты. Экинчи күнү болсо тартылган сүрөттөрдү жуу, химиялык препператтардын колдонулушу жана бөлмөнү караңгылатуу ыкмалары тууралуу сабак алышты.

Сабакта студенттер Сергей Новоселовдун коллекциясындагы орто жана чоң форматтагы фотоаппараттар жана сейрек кездешкен «Хоризон» үлгүсүндөгү панарома фотоаппараты менен иштешти.


Вернуться назад