Главная > Блоги > " Манас" университетинин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси 16-июнь күнү болот

" Манас" университетинин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси 16-июнь күнү болот


26 мая, 14:36. Разместил: aynagul

"Ракурс" уктуруусунун коногу, КТМУнин ден-соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Ынакбеков болду.

Уктуруунун жүрүшүндө 2014-2015-окуу жылында ден-соолук, маданият жана спорт башкармалыгы тарабынан аткарылган иштер тууралуу кенен маалымат берди. КТМУнун түптөлгөнүнүн 20жылдыгы буюрса салтанаттуу белгиленгени турат.

КТМУнин ден-соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Ынакбековдун айтымында  2014-2015-окуу жылын аяктоо, КТМУнин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу кечеси 16-июнь күнү университетибизде өткөрүлөт. Жылдагыдай эле бүтүрүү кечесине студенттердин ата-энелери, элчиликтерден сыйлуу коноктор чакырылат. КТМУну мыкты аяктаган алдыңкы студенттерге  баалуу белектер берилет.


Вернуться назад