Главная > Новости "Медиа Манас" / Радиоподкаст > Бишкек эмне менен дем алат?

Бишкек эмне менен дем алат?


24 апреля, 14:04. Разместил: sharizat

Өлкөбүздө атмосферадагы абанын  булганышы экологиялык көйгөйлөрдүн орчундуусукатары белгилүү. Абанын булганышы акыркы учурда жарандардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизип, бир катар оорулардын чыгуусуна алып келүүдө. Деги эле абанын булганышы деген эмне, ага кандай факторлор таасир тийгизет жана бул көйгөйдү чечүү үчүн кандай иш аракеттерди жүргүзүшүбүз керек?

Абанын булганышы – кишинин тиричилигинин натыйжасында калк отурукташкан жайлардагы аба курамынын өзгөрүшү. Калк отурукташкан жерлерди көрктөндүрүү начар болсо, шамалдан, транспорт жүргөндө, киши басканда чаң көтөрүлүп абаны булгайт. Суук мезгилде үйдү жылытуу үчүн меш жагылганда мор аркылуу абага түтүн, көө жана башкалар бөлүнүп чыгат. Ал эми кийинки мезгилде автотранспорттордун саны өсүп, алардын кыймылдаткычтары бөлүп чыгарган зыяндуу заттар абаны көбүрөөк булгоодо.

Атмосферадагы абанын булганышы, ага таасирин тийгизген себептер тууралуу Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Биология факультетинин ага окутуучусу Илья Домашов менен маек курдук.

-Борбор шаарыбыз Бишкектин абасы абдан начар деп бааласак болот. Атмосферанын булганышына бир катар факторлор таасирин тийгизет. Алардын сап башында борбор шаарыбыздын жайгашкан абалы турат. Ошондой эле шаардагы ар түрдүү көрнөк-жарнактар, светафор, курулуш иштери да кирет. Абанын булганышы эң оболу адамдын ден-соолугуна кедергисин тийгизет. Мисалы, уулануу, мутацияга чалдыктырып  керек болсо адамдын башына шишикти пайда кылышы мүмкүн.Абанын булганышын алдын алуу боюнча алгылыктуу иш- аракеттер жүргүзүлүшү зарыл. Мисалы, шаарды жашылдандыруу. Жашылдандыруу дегенде шаарды гүлдөргө толтуруу эмес, көбүрөөк көчөттөрдү отургузуу керек. Ар бир адам өзү да индивидуалдуу түрдө бөлмөлөрдө өсүмдүктөрдү өстүрсө да жакшы натыйжа берет. Хлорофитум абаны тазалоочу эң чоң каражат болуп эсептелинет. Шаардын деңгээлинде жашылдандыруу иши каралышы керек. Аба алмашууга көрнөк – жарнактар, май куюуучу жайлар терс таасирин ийгизгендиктен аларды шаардын чет жакаларына көчүрүү керек.

Кыргызгидромет- өлкөбүздөгү абанын деңгээли боюнча анализ кылып, мониторинг жүргүзөт. Мындан тышкары атмосфералык абанын булгануусу боюнча байкоо жүргүзүп тиешелүү органдарга тапшырат. Кыргызгидрометтин атмосферанын абалы боюнча жүргүзгөн иш-аракеттери тууралуу билүү максатында аталган мекеменин “Айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын”  башкы адиси Асанбай кызы Мээримге кайрылдык.

-Абанын булганышына таасирин тийгизген эң негизги факторлор болуп өндүрүштөн чыккан зыяндуу заттар жана автомобилдерден бөлүнүп чыккан газдар болуп саналат. Мындан сырткары Жылуулук Электр Станциясы(ЖЭС) да таасирин тийгизет. Алардан бөлүнүп чыккан заттар атмосфераны булгайт. Буларга диоксид күкүртү, оксид жана азоттун диоксиди, формальдигид менен аммиак кирет. Кыргызгидромет өлкөдөгү абанын абалына анализ жүргүзүп, мониторинг жасап турат. Атмосфералык абанын булгануусуна байкоо 5 шаарда жүргүзүлөт : Бишкек, Кара- Балта, Ош, Токмок жана Чолпон-Ата. Биздин  мекеме абаны тазалоочу приборлор менен жабдылган эмес.Чаңды,газды тазалоочу приборлор, лаборатория жана атмосферадагы бензопиренди өлчөгүч куралбизде жок. Булар абдан кымбат болгондуктансатып алууга каражат жетишпейт. Ошондуктан Кыргызгидромет атмосферага байкоо жүргүзүп андан соң алынган жыйынтыктарды Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигине, Саламаттыкты Сактоо Министрлигине жана Улуттук Статистика Комитетине тапшырат.

Абанын булганышы кишинин ден- соолугуна, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө зыяндуу таасир тийгизет. Мындай булганган абада жашаган кишилердин ден-соолугуна зыян келтирилип, айрым оорулардын саны көбөйүп, өмүрдү кыскартат. Абадагы зыяндуу заттар жана чаңдар организмге өпкө аркылуу киргендиктен эң оболу дем алуу органдары жабыркайт. Ошондуктан өпкөнүн, жогорку дем алуу органдарынын оорулары, мисалы, бронхит, бронх астмасы, сезгенүү жана башкалар көп кездешет. Эң коркунучтуусу алардын рак оорусу да көбөйүүдө.

Даярдагандар : Айдана Төлөнова

                          Кымбат Айтыбекова


Вернуться назад