Главная > Университет > Конфуцийде жолугушуу

Конфуцийде жолугушуу


18 апреля, 13:58. Разместил: bn

Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Конфуцийде жолушуу” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы, проректору, профессор Хусейин Өгүт, окутуучулар жана студенттер катышты. Иш-чарада студенттер тарабынан кыска театралдык көшөгө сахналаштырылып, концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, аталган иш- чара университеттин гуманитардык факультети тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлдү. Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Лайли Үкүбаеванын айтканына таянсак, мындай иш-чаралардын көп болуусу, КТМУдагы көп улуттуулуктун өнүгүүсүнө салым кошот.


Вернуться назад