Главная > Мир > 7-апрелде курман болгондор эскерилди

7-апрелде курман болгондор эскерилди


7 апреля, 17:00. Разместил: bn

Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрель окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы Бишкек шаарындагы «Ата-Бейит» мемориалдык-музей комплексинде өткөрүлдү. Ага министрлер, депутаттар, курман болгондордун үй-бүлөсү жана бир туугандары катышты. Иш-чарада курман болгондордун эстелигине гул чамбары коюлуп, бардык маркумдарга, андан соң туугандары ар бир маркумдун сөөгү жашырылган жерге барып, өзүнчө атап Куран окушту. «Ата-бейиттен» кийин эскерүү иш-чарасы Ак үйдүн маңдайындагы 7-апрелде курман болгондорго арналып орнотулган эстеликтин жанында, Ала-Тоо аянтында жана эски аянтта улантылды. 

Эске сала кетсек, 2010-жылдагы революция, алгач Талас облусунун калкынын өлкө жетекчилерине болгон нааразычылыгынан улам башталып, ал убактагы Президент Курманбек Бакиевдин бийлиги оппазициячыл саясий партиянын лидерлерин камоосунун натыйжасында күч алган. Эл өкүлдөрүнүн камактан чыгуусу үчүн пикетке чыккан калкты күч менен токтоткон милиция кызматкерлери, калкка каршы курал колдонушкан. Ага да болбогон калк, күч органдарынын колундагы куралдарды алып, Ак үйгө багыт алган. Ал жакта снайпердин огуна дуушар болгон элдин ичинен жүздөйү окко учуп, 500гө жакыны жарадар болгон.  

Элдин катуу толкундоосунан улам качууга мажбур болгон Бакиев, алгач Казакстандын Жамбыл шаарында баш калкалап, андан соң Белорусияга кире качкан. Бийлик кулагандан кийин ордуна убактылуу өкмөт курулуп, өлкөнү Роза Отунбаева жетектеген. Андан кийин Президенттик шайлоо өткөрүлүп, 2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаев өлкө башына келген.   

 

 

Анадолу маалымат агенттиги


Вернуться назад