Главная > Культура > КВН АЛА-ТОО 2017

КВН АЛА-ТОО 2017


5 апреля, 12:18. Разместил: sharizat

 Айтылуу Азия Mix командасынын мүчөсү Ростислав Ященко алып барган КВН Ала-Тоо лигасынын ачылышы жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

            Аталган оюнга 20 команданын ичинен 13 команда тандалып алынган.

Алар:

            1)Политех университетинин атынан “Своя Волна” командасы

            2)Алматыдан келген коноктор-“Ауез” курама командасы

            3)Бишкек шаарынан “Балконские” командасы

            4)Алматы шаарынан келген Казак-Орус Медициналык университетинин атынан “Резурс Фактор” командасы

            5)Бишкек Гуманитардык Университетинин атынан катышкан “Ой Все” командасы

            6)Бишкек шаарынын N.29-гимназиясынан келген “Шанхай” командасы

            7)Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан “National” командасы

            8)Алматы шаарынын Каспий университетинин атынан “Уотнхет” курама командасы

            9)Кыргыз Улуттук Университетинин атынан “Фрунзе” командасы

            10)Айтылуу Ош шаарынан “Ошане”

            11)Бишкек шаарынын Медициналык Академиясынын атынан ”Brooklyn” командасы

            12)Бишкек шаарынан дагы бир өзгөчө  команда-“Черный Кот” командасы

            13)Дипломатиялык Академиянын атынан чыккан “Дипломаты” командасы

Командалардын бардыгы мыкты даярдыкта болуп жогорку деңгээлде оюн көрсөтүштү. Бирок, тилекке каршы 2-турга 10 гана команда өтүшү керек болгондуктан калыстар тобунун жыйынтыгы боюнча “Своя Волна”, “Ауез”, “Балконские”, “Фрунзе”, “Шанхай”, “Резурс Фактор”, “Ошане”, “Brooklyn” “Черный Кот” жана “Дипломаты”, курама командаларыкийинки турга жолдомо алышты.Ал эми “Ой Все”, “National” жана “Уотнхет” командалары тилекке кары оюндан четтетилишти.

            Өзгөчө оюн көрсөтүп, оюнду көркүнө чыгарган “Ошане”, “Балконские”, “Черный Кот” жана “Дипломаты” курама командаларын баса белгилеп айта кетпесек болбос.

             Адим Карасай, Этибар Гасанов, Турат Касымбеков, Чыңгыз Алканов, Бабур Төлбаев, жана НТС телеканалынын ген.директору Үсөн уулу  Жайнак  аталган оюнда калыстар тобунун курамын толукташты.

            Оюндун ачылышында “Азия Mix” командасыны мүчөлөрү сахнага чыгып сөз сүйлөө менен биргеликте, көрүүчүлөр мене чогуу  “Азия Mix” командасынын капитаны Элдияр Кененсаровду туулган күнү менен куттукташты.

 Эскерте кетчү нерсе, сезондун жыйынтыгында оюндун жеңүүчүсү аталган команда Россиянын Сочи шаарында өтө турган КВН ге жолдомо алышмакчы.

 

            Жазган: Медина Сагынова

 


Вернуться назад