Главная > Народный корреспондент > XXIV Измир Европа джаз фестивалы башталды

XXIV Измир Европа джаз фестивалы башталды


3 марта, 14:23. Разместил: bn

Ахмет Аднан Сайгын искусство борборунда XV Джаз афиша конкурсунан кийин фестивалдын катышуучуларына ыраазычылык сертификаты, афиша көргөзмөсүнө катышкан жаш графикчилерге болсо катышкандыктары үчүн сертификат берүү аземи болуп өттү.
Италиянын белгилүү пианистлеринден бири Мануэль Магрининин ачылыш номери менен башталган концерттик программа мыкты деңгээлде өттү. Фестивалдын алкагында "Ozan Musluoğlu House Band", "Otto Hejnic Trio", "Triple Ace", "Matthias Spilmann Mats-up", "Artur Dutkiwicz Trio", "Massa" топторунан башка Сорин Злат жана Марие Мисфуд ж.б вокалисттер өнөрлөрүн тартуулады.
Көргөзмө, семинар, фильмдер менен коштолгон фестиваль 18-мартта жыйынтыкталды.


Вернуться назад