Главная > Жизнь / Радиоподкаст > Таштандыны кайра иштетүүчү завод 2019-жылы ишке кирет

Таштандыны кайра иштетүүчү завод 2019-жылы ишке кирет


23 февраля, 11:26. Разместил: sharizat

Таштандыны кайра иштетүүчү завод 2019-жылы ишке кирет

Соңку жылдарда өлкөбүздө бир катар экологиялык көйгөйлөр орун алууда. Алардынсап башында таштанды, аны кайра иштетүү жана сорттоо маселеси турат. Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүчү завод жок болгондугуна байланыштуу таштанды Бишкек шаарынын чыгыш тарабынан 11,4 км узактыкта жайгашкан шаардык таштанды төгүүчү жайга төгүлөт. Таштандыны кайра иштетүү, сорттоо боюнча долбоор качан ишке кирет?

Борбор калаабыздан  күнүнө  455 т таштанды чыгарылат. Бул бир гана “Тазалык” муниципалдык иш канасынын көрсөткүчү.Мындан тышкары башка муниципалдык иш каналар тарабынан тонналаган таштанды чыгарылат. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын абалы, кызматкерлери жалпы эле ишкердиги тууралуу билүү үчүн ишкананын пландоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Жыкынович менен маек курдук.

  • Бүгүнкү күндө “Тазалык” муниципалдык ишканасында 1393 кызматкер иштейт. Анын ичинен 948 кызматкер көчөлөрдү шыпыруу, аянттарды майрамга даярдоо сыяктуу жумуштарды аткарышат.110 жүк ташуучу кызматкерибиз бар. Жайында, күзүндө жана жазында көп таштанды чыгат. 4 район боюнча иш алып барабыз. Европа банкы жана Бишкек шаардык мэриясынын жардамы менен кредит алып жол жуучу жана таштанды төгүүчү машина сатып алдык. Учурда шаар тургундарынан акча чогултуу жагынан көйгөйлөр орун алууда.Негизинен шаар тургундарынан 8-9  млн акча чолгултулуш керек. Бирок бул сумма толугу менен чогулбай эле. Бул дагы бир топ маселе жаратууда.

2019-жылы Бишкек шаары боюнча таштандыны кайра иштетүү заводу жана таштанды полигону ишке кирет. Бул тууралуу Бишкек санитардык полигонунун муниципалдык ишканасынын директору Асаналиев Болот билдирди.

  • Учурда “Күнүмдүк калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча Бишкек шаардык мэриясы тарабынан 2 муниципалдык ишкана иш алып барууда. Алар “Тазалык” муниципалдык ишканасы жана биздин “Бишкек санитардык полигонунун “ муниципалдык ишканасы. Буга ылайык биздин ишкананын алдыдагы аткарылуучу пландары  жаңы полигонду пландоо жана ишке ашыруу, атайын техникаларды сатып алуу процесси жана таштанды сортоочу завод куруу болуп саналат. Завод 2019-жылы толугу менен курулуп, иштей баштайт. Ага чейин тендер жарыялоо, уруксат кагазын алуу сыяктуу бир катар иштер аткарылышы керек. Заводду куруу үчүн 22 млн евро керектелет. Анын 11 млну насыя түрүндө алынса, 11 млну гранттык негизде бөлүнөт.

Өлкөбүздүн келечеги аны канчалык аяр тутуп таза сактаганыбыздан көз каранды. Ал эми аны таза тутуу үчүн таштандыны ар кайсы жерге таштабай, ар бирибиз жоопкерчилик менен мамиле кылуубуз керек.


Вернуться назад