Главная > Новости "Медиа Манас" > “Кентавр” тасмасы дүйнө элине жакты

“Кентавр” тасмасы дүйнө элине жакты


16 февраля, 14:02. Разместил: sharizat

Белгилүү режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болуп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Аталган тасма дүйнө коомчулугуна Берлин эл аралык кинофестивалда 10-февралда тартууланды. Маалыматка ылайык, бул кинотасма фестивалдын “Понарама” программасына сунушталган жана  Борбор Азиядан келген жалгыз фильм болгон.

"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма. Фильмде Актан Арым Кубат башкы ролду ойнойт. Мындан тышкары, тасмага Болот Тентимишов, Таалайкан Абасова, Зарема Асаналиева, Илим Калмуратов тартылган.

Тасманын өлкөбүздөгү премьерасы март айына пландалууда.


Вернуться назад