Главная > Культура > “Атанын керээзи” дагы бир кинофестивалга катышат

“Атанын керээзи” дагы бир кинофестивалга катышат


16 февраля, 13:57. Разместил: sharizat

Индияданын Патна шаарында өтө турчу кинофестивалга Орто Азиядан жалгыз гана Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун “Атанын керээзи” тасмасы катышат. Маалыматка ылайык, бул кинофестиваль 16-февралдан 23-февралга чейин уланат.

Тасманын экинчи режиссёру Дастан Жапар уулунун айтымында, аталган тасма “Эл аралык толук метраждуу тасмалар” сынагында тогуз тасма менен ат салышат.

Эскерте кетсек, “Атанын керээзи” тасмасы  кечээ жакында эле Индиянын Бангалор шаарында 9-февралда аяктаган кинофестивалына катышып байгелүү кайткан.

“Атанын керээзи” тасмасы  “Кыргызфильм” жана “Элфильм” студияларында тартылган. Башкы ролдорду болсо, Иман Мукул, Марат Алышпаев жана Тынара Абдразаева аткарышкан.

 

 

Жазган: Гулзира Кенешова


Вернуться назад