Главная > Новости "Медиа Манас" > Манасбек Мусаев: Кыргыз киносу үчүн баары алдыда

Манасбек Мусаев: Кыргыз киносу үчүн баары алдыда


16 февраля, 13:55. Разместил: sharizat

15-ноябрда “Чоң экран” программасына “Кыргыз керемети” делген тасмаларды тартып, дүйнө элинин купулуна толгон оператор Манасбек Мусаев конокто болду.

 Программада Манас агай менен кыргыз фильмдин алтын фондунда сакталып калган тасмалары жана учурдагы кыргыз киносунун абалы тууралуу маек курдук.

Анын айтымында, учурда кыргыз киносунун келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш таланттуу киночулар көп жана кыргыз киносу үчүн баары алдыда:

Өлкөбүз эгемендикти алган соң “Кыргыз фильмдин” ишмердүүлүгү көп жылга үн чыгарбай токтоп калган эле. Бирок акыркы жылдары таланттуу режиссёрлор, операторлор деги эле киночулар көптөгөн жакшы кинотасмаларды тартып, “Кыргыз кереметинин” жолун татыктуу улап жатат десем болот. Акыркы учурда тартылган тасмалардын арасынан жогорку баа бергендерим “Көч” жана “Сүтак” тасмалары болду.

Манасбек Мусаев “Ак кеме”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Бөрү зындан” өңдүү тасмаларды тарткан кинооператор. Ал 1942-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. 1970-жылы ВГИКтин оператор факультетин аяктаган.  “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Бөрү зындан”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Процесс” ж.б тасмаларды тарткан.

 

 

Жазган: Гулзира Кенешова


Вернуться назад