Главная > Университет > Жетекчилик студенттер ашканасында

Жетекчилик студенттер ашканасында


9 февраля, 17:11. Разместил: bn

8-февраль күнү КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, проректор, профессор Хусеин ϴгүт жана башкы катчы Зия Арпалы Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчада жайгашкан студенттер ашканасына барып, жаштар менен көрүштү.
Ректор, профессор Себахаттин Балжы студенттерден ашкананын тамак-аштарына ыраазы экендиктерин сурап: «Биз, силерди бардык нерсе менен камсыз кылуу үчүн иштеп жатабыз жана эч нерсеге муктаж болбошуңарды каалайбыз. Эгер маселеңер болсо, эч уялбастан кайрылгыла» - деди.


Вернуться назад