Главная > Университет > Студенттер Президенттин ыраазычылыгына ээ болушту

Студенттер Президенттин ыраазычылыгына ээ болушту


8 февраля, 10:17. Разместил: bn

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин студенттери Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан ыраазычылык каты менен сыйланышты.
Ыраазычылык каты 36 студентке II дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында университеттин атынан ыктыярчы катары активдүү катышкандыгы үчүн тапшырылды.
Иш-чаранын ачылыш сөзүндө окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы студенттерге мындай саамалыктарга катышуу, өткөндү унутпай улантуунун мыкты жөрөлгөсү экенин эске салып, студенттерге ыраазычылыгын билдирди.


Вернуться назад